KICB жана KB Kookmin Bank Түштүк Кореядан Кыргызстанга акча каражаттарды которуу уникалдуу кызматтын башташты

Эсеп ачпастан Түштүк Кореядан Кыргыз Республикасына банктык которууну алуу бир гана KICB бөлүмдөрүндө жеткиликтүү болгон жаңы кызмат болуп эсептелинет.

«Биздин корейлик KB Kookmin Bank өнөктөштөрүбүз менен жигердүү кызматташыктын  натыйжасында Түштүк Кореядан Кыргызстанга акча каражаттарды жөнөтүү уникалдуу кызматты тартуланышы тууралуу кубанычыбыз менен маалымдайбыз. Акча каражаттарды тез жана оңой которуу мүмкүн. Биздин Банк акча каражат которуу кызматтын туташтыргандан кийин, Кыргызстанда которууну ала турган адамга эсеп ачуунун кажети жок, жөн гана KICB бөлүмдөрүнүн бирине паспорту менен келип, акча каражатты жөнөтүүчү маалымдаган ПИН-кодду айтуу керек. Түштүк Кореядан акча каражаттарды которуу жаңы кызматтын ачылышы кыргызстандыктардын арасында популярдуу болот» – деп  Банктын пресс-кызматты ишенишет.

Жаңы кызмат Түштүк Кореяда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн, ошондой эле которууну пайдалуу жана тез өткөрө турган адамдарга жагымдуу болот.

Которууну Түштүк Кореянын KB Kookmin Bank каалаган бөлүмүнөн жөнөтсө болот.

Алдын ала KB Kookmin Bank бөлүмүнө барып, которууну ала турган адам тууралуу берилмелерди каттап, ыңгайлык үчүн акча каражаттарды которууда банкоматтарды (8500 көп) колдонуу мүмкүн.  Акча каражаттарды которууда Жөнөтүүчүгө ПИН-код берилет, анын негизинде которууну ала турган адам акча каражаттарды биздин банктын каалаган бөлүмүнөн ала алат.

Жөнөтүүчүнүн Кукмин Банкында эсебинин болушу: сөзсүз түрдө;

Алуучунун KICB эсебинин болушу: талап кылынбайт;

Алуучулар жана Жөнөтүүчүлөр: бир гана жеке жактар;

Валюта: USD/АКШ долл.;

Жөнөтүү үчүн комиссия: Кукмин Банктын саясатынын негизинде;

Лимиттер: 7000 АКШ долл. (1 транзакция/күнүнө);

Берүүдөгү комиссия: которуунун суммасынын 0,25% + НсП.

KB Kookmin Bank 1963 жылы негизделген, Корея Республикасынын  ири банктарынын бири болуп саналат. KB Kookmin Bank Түштүк Кореяда  1000 көп филиалдары, АКШ, Люксембург, Жаңы Зеландия, Япония, Вьетнам, Кытай, Шанхай, Гонконг, Камбоджа, Индия өлкөлөрүндө  жана Мьянмада  бөлүмдөрү бар.

Акча каражаттар тууралуу консультацияларды каалаган убагыңызда, күнү-түнү иштеген Банктын call-centre номерине: (312) 62 01 01 чалып алсаңыз болот.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.