• На прошедших 9 и 10 марта 2024г. играх, ЗАО «Банк Компаньон» стал обладателем Кубка банков Кыргызстана по настольному теннису 2024.

31-октябрь күнү – Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнү!

31-октябрь күнү өлкөбүз Дүйнөлүк сактык (каражат топтоо) күнүн алтынчы ирет белгилейт. Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзү боюнча да белгиленип келет.  

Бул иш-чаранын максаты  балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Дүйнөлүк сактык күнүнүн негизги милдети  калктын каражат топтоо маданиятын калыптандыруу, себеби каражат топтоо адамдарга өз келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякаттоо ж.б. 

Жылдан-жылга Дүйнөлүк сактык күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейип келет. 

Бул жылы бардык социалдык ченемдерди сактоону эске алуу менен Дүйнөлүк сактык күнүн белгилөө онлайн форматында өтөт. 

Коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, Улуттук банктын, жана башка финансылык мекемелердин өкүлдөрү социалдык тармактар аркылуу калкка каражат топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берип, топтолгон каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай ыкмалары менен тааныштырышат.

“Керемет Банк” орусиянын «Россельхозбанк» АКсы менен тикелей корреспонденттик мамилелер орногондугу тууралуу билдирет

«Керемет Банк» орусиялык «Россельхозбанк» ААК менен түздөн-түз корреспонденттик мамиле түздү.
Россиянын эң ири банктарынын бири – «Россиянын Айыл чарба банкы» («Россельхозбанк») — «Керемет Банкка» үч негизги валютада корреспонденттик эсеп ачкан: рубль, доллар жана евро.
«Россельхозбанк» ААК сыяктуу ири жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы экспорттук-импорттук операциялар боюнча эл аралык өз ара эсептешүүлөрдү кеңейтүүгө жана тездетүүгө өбөлгө түзөт.

Read more »

ВТВ24 мобилдик банкингдеги жаңы функционал!

Биз өз мобилдик банкингибизге жаңы функционалды коштук! BTB24 – уламдан-улам көбүрөөк жасай алуучу сиздин мыкты жеке жардамчыңыз!

Эми сиз үйдөн чыкпай туруп, виртуалдык картаны чыгара аласыз.

Интернеттеги сатып алуулар үчүн өз алдынча картага ээ болуу керектигин билесизби? Бул учурда виртуалдык карта, башкалардан жакшыраак болот!

VISA виртуалдык картасы интернет төлөмдөрүн жүргүзүү үчүн абдан ыңгайлуу.

? Аны кантип чыгаруу керек? Биздин нускамаларыбызды карманыңыз, солго карата барактаңыз. ➡ Биздин жаңы кызматтарыбыз жөнүндө биздин сайтыбыздан дагы кененирээк билүүгө мүмкүн болот.

Read more »