• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

Компаньон Банкы ишкерлер үчүн «Бизнесте энергоэффективдүүлүк. Каржылык мүмкүнчүлүктөр жана пайдалары» аттуу презентациясын сунуштады

2-мартта Компаньон Банкы Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын KyrSEFF өкүлдөрү менен бирдикте, ошондой эле JIA Бизнес Ассоциациясынын колдоосу менен, ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш, тойкана, мейманкана, азык-түлүк жана башка бизнес менен алектенген жеке ишкерлер бир жерде чогулушту.

Жолугушуу учурунда, Компаньон Банкынын Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы алкагында, бизнестеги энергоэффективдүү чечимдер тартууланды. Бул сунуштан пайдаланып, ишкерлер жалгыз эле энергоэффективдүү иш-чараларды жүзөгө ашырбастан, ыңгайлуу гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Энергия үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу (өндүрүш каражаттарын алмаштыруу, насосторду, вентиляторлорду жана компрессорлорду орнотуу), күн батареяларын колдонуу, күнөсканаларды жаңыртуу жана өнөр-жай имараттарын жылуулоо өндүрүштүк чыгымдарды кыйла кыскартат.

«Компаньон – стандарттык эле банктык кызматтарды сунуштаган банк эмес. Биз коомдук миссияны аткарып, кичи жана орто бизнеске пайда алып келген жана экологияга оң таасирин тийгизген долбоорлорду колдогонго аракет кылуудабыз. Биз Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) өнөктөштөрү болуп, кардарларыбызга  бизнестеги энергоэффективдүүлүк максатына насыя сунуштайбыз жана аларга 15% чейинки грант алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Мисалы, жогоруда аталган максаттар үчүн 20 млн сом өлчөмүндөгү насыя алсаңыз, сиздин 3 млн сомго чейин грант алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот», – деп белгиледи Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Алыбаев Нарынбек Алыбаевич.

Read more »