• Состоялся первый круглый стол на тему: «Разработка и реализация программ обучения ответственному банковскому делу в Центральной Азии».

Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүздү

Дүйнөлүк акча жумалыгы 2018: Компаньон Банкы каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ишчараларды жүргүздү

Март айынын 12-18-күндөрү , Компаньон Банкы Дүйнөлүк акча жумалыгына (Global Money Week 2018) карата, Кыргызстандын баш калаасында жана аймактарында, 8-11 класстын мектеп окуучуларынын каржылык сабаттулугун жогорулатуу максатында бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Кадамжай, Кербен, Ош, Талас, Токтогул, Токмок, Каинды, Нарын, Кочкор, Балыкчы, Каракол жана Бишкектин мектептеринде лекциялар уюштурулуп, Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндө болжолу менен 700 мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күндөрү өткөрүлдү.

Окуучулар банктардын ишинин өзгөчөлүгү, киреше-чыгашаны пландаштыруу, акчаны үнөмдөө  жөнүндө маалымат алышты. Андан тышкары, окуучулар менен банктын адистери интерактивдүү түрдө улуттук валютанын 25-жылдыгына байланыштуу, анын уникалдуулугун талкуулашты.

Read more »

Маргарита Черикбаева «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды

Маргарита Черикбаева 2018-жылдын 12-мартында «Компаньон Банкы» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы катары дайындалды.

Компаньонго келээрден мурда, ал 2015-жылдан тартып, «ФИНКА Банк» ЖАКнун Башкармалыгынын Төрайымы болуп, ага чейин, 2011-жылдан баштап, ошол эле банктын операциондук иш боюнча директору болуп эмгектенип келген. Андан мурда, Маргарита Черикбаева ProCredit Holding немис холдингинин тармагына кирген банктардын Кавказдагы, Батыш Африкадагы жана Латын Америкадагы бизнес бөлүмдөрүнүн жана операциондук блокторунун ишин жетектеген.

«Бүгүнкү күндө, Компаньон Банкы Кыргызстандын банктык тармагында өзүнүн туруктуу позициясын сактап келе жатат. Банк стабилдүү түрдө өнүгүп, социалдык миссиясын жактап, жоопкерчиликтүү насыялоо эрежелерин сактап келет. Биз, Маргарита Черикбаева айымдын көп жылдык тажрыйбасын өтө бийик баалап, анын жетекчилиги алдында Банк мындан ары да өнүгүп, биздин кардарларыбыз үчүн ыңгайлуу болот, деген ишеничтебиз. Ошол эле учурда, Компаньонду ийгиликтүү жетектегени үчүн, Эркинбек Жумабаев мырзага Мүдүрлөр кеңешинин атынан ыраазычылык билдирем», деди «Компаньон Банкы» ЖАКнун Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Стивен Митчелл.

Read more »

Компаньон Банкы ишкерлер үчүн «Бизнесте энергоэффективдүүлүк. Каржылык мүмкүнчүлүктөр жана пайдалары» аттуу презентациясын сунуштады

2-мартта Компаньон Банкы Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын KyrSEFF өкүлдөрү менен бирдикте, ошондой эле JIA Бизнес Ассоциациясынын колдоосу менен, ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү жана курулуш, тойкана, мейманкана, азык-түлүк жана башка бизнес менен алектенген жеке ишкерлер бир жерде чогулушту.

Жолугушуу учурунда, Компаньон Банкынын Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасы алкагында, бизнестеги энергоэффективдүү чечимдер тартууланды. Бул сунуштан пайдаланып, ишкерлер жалгыз эле энергоэффективдүү иш-чараларды жүзөгө ашырбастан, ыңгайлуу гранттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ болушат. Энергия үнөмдөөчү жабдууларды орнотуу (өндүрүш каражаттарын алмаштыруу, насосторду, вентиляторлорду жана компрессорлорду орнотуу), күн батареяларын колдонуу, күнөсканаларды жаңыртуу жана өнөр-жай имараттарын жылуулоо өндүрүштүк чыгымдарды кыйла кыскартат.

«Компаньон – стандарттык эле банктык кызматтарды сунуштаган банк эмес. Биз коомдук миссияны аткарып, кичи жана орто бизнеске пайда алып келген жана экологияга оң таасирин тийгизген долбоорлорду колдогонго аракет кылуудабыз. Биз Кыргызстандагы туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) өнөктөштөрү болуп, кардарларыбызга  бизнестеги энергоэффективдүүлүк максатына насыя сунуштайбыз жана аларга 15% чейинки грант алуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Мисалы, жогоруда аталган максаттар үчүн 20 млн сом өлчөмүндөгү насыя алсаңыз, сиздин 3 млн сомго чейин грант алууга мүмкүнчүлүгүңүз болот», – деп белгиледи Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Алыбаев Нарынбек Алыбаевич.

Read more »