27-мартта, жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча семинары өттү

Бүгүн, 27-мартта, Бишкекте Кыргызстандын банктарынын, инвестициялык фонддорунун жана каржы компанияларынын өкүлдөрү үчүн жашыл облигацияларды чыгаруу боюнча семинар өттү.
Иш-чараны Улуу Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Кыргызстандын банктар биримдиги жана Бишкек Green Finance Center уюму бирге уюштурушкан.

Жашыл облигациялар Кыргызстандын үчүн жаңы каржылык инструмент болуп саналат. Жергиликтүү банктар бул баалуу кагаздардын биринчи эмиссиясын 2023-жылы гана пландаштырууда, андыктан өтүп жаткан семинар бул тема боюнча билим алуу үчүн пайдалуу.
Улуу Британиянын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сүрүн климаттын өзгөрүшү учурунда жашыл каржылоо актуалдуу болгонун тастыктап белгиледи.
«Биз бул семинар жашыл каржылоо боюнча суроолорго жооп берүүгө жана экономикалык өсүш үчүн бул инструментти эффективдүү колдонууга жардам берет деп ишенебиз», – деп белгиледи миссиянын башчысы.

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медетбек Назаралиев Улуу Британиянын элчилигине иш-чарага колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, биржа финансылык институттарга жана банктарга жашыл облигацияларды чыгарууга жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Комментирование и размещение ссылок запрещено.

Комментарии закрыты.